Орусиялык белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедовдон коронавирус инфекциясы аныкталып, өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу видео кайрылуусунда айтты.
«Интернетте атам жөнүндө көп жазып жатышат. Атам азыр ооруканада. Абалы өтө оор. Бул вирус анын жүрөгүнө тийди. Бир жыл мурун атам жүрөгүнө операция жасаткан. Эми дагы жасалды. Ал өтө оор абалда. Аллахтан аны бизге кайтарып беришин сурайбыз. Аллахтан анын ден соолугун сураган, колдогон, жазган адамдардын бардыгына чоң рахмат! Аллах баарыбызга жардам берсин, баарыбызды коргосун!», — деген Нурмагомедов.