• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ички каттамдар жанданды

8 Кулжа 2020 16:14 Бишкек Govori.TV


Өлкөдө бир нече ай мурда токтотулган ички аба каттамдары жанданып, бүгүн алгачкы учак Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча барып келди.

Республикалык штабдан билдиришкендей, анда 208 жүргүнчү тейленди.

Штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык өлкөдөгү бардык ири аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Аэропорт жетекчилиги терминалдарга уча турган жүргүнчүлөр гана кире аларын жана бет кап режимин сактоо керектигин эскертет.

Кошумчалай кетсек, өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу өлкөдө 25-марттан тарта Кыргызстанда ички авиакаттам убактылуу токтотулган.

Количество просмотров: 99