• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМ: Атамбаевде 8 курал-жарак болгон

12 Бештин айы 2019 19:17 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевде 8 курал-жарак болгон. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кой-Таш боюнча окуяны иликтеген комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, курал-жарактар тергөө боюнча алынып, учурда тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаракат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Ошондон улам, бул факты Кылмыштардын бирдиктүү тизмесине катталып, Кылмыш кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 78