• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ “АЮ” компаниясынын заводун тинтүүгө алды

14 Чын куран 2023 19:07 Бишкек Govori.TV

“АЮ” компаниясынын заводун тинтүү учурунда 260 тонна мыйзамсыз спирт, ошондой эле акциздик маркасы жок 12 миң бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Токмок шаарынын аймагындагы өндүрүш ишканаларынын биринде белгисиз адамдар спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз түрдө өндүрүүнү уюштурушкандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан.

Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Аталган иш-чара этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн. Кылмыш ишинин алкагында спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүүгө мүмкүн болгон даректер аныкталган. Бир нече даректерде, анын ичинде Сокулук айылында жана Токмок шаарында кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында даяр продукциялар жайгаштырылган кампалардан (“Токмок Буллс” ЖЧК) мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 260 тоннадан ашык этил спирти, “АЮ” компаниясынын бухгалтердик документтери, акциздик маркалары жок 12 миң бөтөлкөдөгү спирт кошулган ичимдиктер табылып, алынган. Бул фактылар аныкталгандан кийин бардык кампалар жабылып, кайтарууга алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, козголгон кылмыш ишинин алкагында 118 даректе тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, чогултулган далилдердин негизинде жакында Токмок шаарындагы спирт заводунун күзөт бөлүмүнүн башчысы 1982-жылы туулган М.Т., ошол эле ишкананын башкы технологу 1988-жылы туулган И.А. кармалды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, бул фактыга тиешеси бар башка адамдар такталууда. ИИМдин Басма сөз кызматы

Теги:
Количество просмотров: 714