• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ: Бишкекте өлтүрүлгөн таксист менен Саймаитинин байланышы бар деген далил жок

4 Бештин айы 2019 12:37 Бишкек Govori.TV

Киши колдуу болган таксист Хусан Керимов Кыргызстандан Турцияга акча ташыгыч болгон деген фактыны ИИМ четке какпайт. Алардын айтымында бирок, далил жок.

Мындан тышкары, «Мадина» кафесинин ээси делинген Хуфур Абдурахеман менен «Манас» аэропортунда унаадан жансыз денеси табылган жарандын Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаитинин байланышы бар же жогу аныкталууда. Бул тууралуу ИИМдин орун басары Памирбек Асанов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

«Биз учурда бардык версиялар менен карап, иликтеп жатабыз. Азыр тергөө жүрүп жаткандыктан, байланышы бар же жок деп кесе айта албайбыз», — деди ал.

Ал эми ИИМдин тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сыргак Айткурманов Хуфур Абдурахеман менен Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаитинин байланышы бар экени тууралуу учурда маалымат жок экенин билдирди.

«Кылмыш ишинин алкагында шетүү катары сегиз адам тергөө органдарына алынып келинген. Алардын жетөөсүнүн бул ишке катыштыгы бар экени тууралуу далилдер бар. Сот тарабынан аларга карата камакка алуу чечими чыккан», — деп кошумчалады Айткурманов.

Количество просмотров: 102