• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ИИМ интернет колдонуучуларды такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат

17 Чын куран 2023 9:52 Бишкек Govori.TV

Интернет желесинде «Атасы УКМКда, апасы Билим берүү министрлигинде иштеген окуучу кыз классташын мыкаачылык менен кордоп, сабап жаткан видео чыкты» аталыштагы маалымат Кыргызстандын аймагында болгон эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Ведомстводон бул Кыргызстандын аймагында болгон деген чындыкка дал келбей тургандыгын баса белгилешти. «Бул эски тасма жана Казак Республикасынын аймагында болгондугу белгилүү болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ интернет колдонуучуларды такталбаган маалыматтарды таратып, жарандарга тескери маалымат берүүдөн алыс болууга чакырат. Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Количество просмотров: 122