• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМ: Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

16 Жалган куран 2020 11:24 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында коронавируска байланыштуу жалган маалымат тараткан 15 окуя катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада жалган маалымат таратуу боюнча 1 факты катталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 344-берене (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Бир суткада өлкө аймагында жалган маалымат тараткан 15 окуя катталган.

«Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертебиз», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат.

Количество просмотров: 120