• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ИИМ кызматкерлери 26 жаштагы жигитти тинтүү учурунда 700 гр өлчөмүндө гашиш табышкан

3 Жетинин айы 2020 16:10 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун «Сосновка» постунда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери 26 жаштагы жигитти тинтүү учурунда 700 гр өлчөмүндө гашиш табышкан.

Аталган кызматтан билдиришкендей, жүргүзүлгөн атайын ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чаралардын натыйжасында 1-ноябрь күнү болжол менен саат 17:00дө “Сосновка” постунан шектүү катары 26 жаштагы Ы уулу Б. аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда 700 граммды түзгөн зат табылып алынган.

Соттук химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат гашиш экендиги аныкталган.

Аталган факты Кылмыш-жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Количество просмотров: 48