• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМ Орозо айт майрамынын алдында коопсуздук чараларын күчөтүүдө

20 Чын куран 2023 12:37 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги Орозо айт майрамынын алдында жарандардын коопсуздугун күчөтүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ички иштер органдарынын бөлүмдөрү коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу мүнөздөгү күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды өткөрүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Белгиленгендей, майрам күндөрү 9 миңден ашык милиция кызматкери укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылат.

ИИМдин «Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» буйругуна ылайык, аймактык бөлүктөрдө милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөгө даярдыгын жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо өз милдеттерин аткаруудагы даярдыктары гарнизондук саптык кароолордо текшерүү жүргүзүлдү.

«Өздүк курам коомдук жайларда коопсуздук чараларын күчөтүп, ыкчам кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүү жана мыйзам бузуу фактыларына токтоосуз жооп кайтаруу чараларын көрөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 52