• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМ: Жарандарга карантиндеги эрежелер жана шарттар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

25 Жалган куран 2020 10:49 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан аймактарда карантин убагындагы эрежелер жана шарттар жөнүндө түшүндүрүү иштери
жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 38 жөө жүргөн патрулдар, милициянын ыйгарым өкүлдөрүнөн-12, жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнөн-16, милициянын кайгуул-күзөт кызматынан-12, Чүй ОИИББден-4, Кыргыз Республикасынын ИИМдин
Академиясынан-50 кызматкер тартылып, катуу сүйлөөчү түзүлүштөрү менен
жабдылган 38 унаа менен 224 көчөнү камтыган 56 айылды кыдырышкан.

«2020-жылдын 24-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук
коопсуздук кызматынын кызматкерлери ИИМдин Академиясынын, Чүй ОИИББдин,
Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери Аламүдүн райондук мамлекеттик
администрациясынын, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, сан-эпидемстанциянын
өкүлдөрү менен биргеликте Аламүдүн районунун аймагында жергиликтүү
жашоочуларга коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо боюнча өкмөттүн
талаптары түшүндүрүлүп, түнкү маалда жана карантин учурунда
өспүрүмдөрдүн сыртта жүрүүсүнө жол бербөө жөнүндө ата-энелер менен
маектешишти»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле деталдык-маршруттук планы иштелип чыгып, иш-чарага тартылган өздүк курамга тескемелер өтүлүп, так тапшырмалар берилди. Мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандарга сылык мамиле кылуу боюнча өздүк курамга тескемелер өтүлдү.

Количество просмотров: 95