• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«ИИМди басып алган». Курсан Асановдун камалышынын себеби айтылды

26 Үчтүн айы 2021 18:31 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочу Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, Асанов 48 саатка камалган.

«Ага карата октябрь окуялары учурунда ИИМдин имаратын басып алган деген кине коюулууда. Баш коргоо чарасы 48 саатын ичинде Биринчи май райондук соту тарабынан каралат. Асанов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна алып кетишти», — деди Айткулов.

Эске салсак, бүгүн, 26-январда Курсан Асанов суракка ИИМдин тергөө кызматына чакырылган. Ал жактоочунун катышуусуз суракка алынганы буга чейин айтылган эле.

2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык болуп, бийликтин алмашуусуна алып келген. Митингден кийин Курсан Асанов Ички иштер министрлигине барып, жетекчиликтин ордуна олтурган.

Бул иште экс-президент Алмазбек Атамбаев, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, президенттик администрациянын экс-башчысы Фарид Ниязов айыпталуучу катары өтүп жатат.

Количество просмотров: 6065