Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту 25-августка жылдырды. Буга күбө катары сурак берчү тергөөчүлөрдүн үчүнчү ирээт келбегени себеп болгон.
Темировго 20-апрелде Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.
Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Ал муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.