• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Издөөдөгү жарандарга паспорт даярдап берүүгө аракет кылган адам кармалды

29 Жалган куран 2023 14:04 Бишкек Govori.TV

КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмга (ЭТУ) каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында КРнын жасалма паспортторун даярдоо каналы аныкталды.

Тактап айтканда, эл аралык террористтик уюмунун (ЭТУ) «И.Г.» айрым мүчөлөрүнүн өтүнүчүнүн негизинде, Ош облусу боюнча граждандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы байланыштары аркылуу, террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө жүргөн Өзбекстандын жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын жасалма паспортторун жасоого аракет кылган Ош областында туулган КР жараны Х.У.О. кармалды.

Х.У.О.нун жашаган жеринен тинтүү иштеринин натыйжасындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын 2 паспорту табылып алынган.

Аталган факты боюнча учурда аталган паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 116