• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды

30 Үчтүн айы 202310:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы ноябрда М. аттуу жаран Баткен облусунда 2 кг гашиш сатып, бирок анда кармоого мүмкүн болгон эмес. Кылмышка шектүү Баткен облусунун тургуну 1979-жылы туулган К.А. болгон.

Андан кийин ага издөө жарыяланып, борбор калаадан кармалды. Шектүү учурда камакка алынды.

Количество просмотров: 203