Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги сунушталды
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги сунушталды
24 Тогуздун айы 2018 13:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Белгилей кетсек, Өкмөттүн мүчөсү кызматынан кеткен же бошогон шартта Премьер-министр, Президентке өкмөт мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.
Ал эми Президент, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.
Министрлер Асрандиев, Жаманкулов, Кочкоров ооруканаларга куратор болду
Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери медициналык мекемелердин жана стационарлардын ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча …