• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетебизби? Замирбек Аскаров күмөн санады

28 Тогуздун айы 2019 10:44 Бишкек Govori.TV

2020-жылдарга карата даярдалып жаткан Улуттук ыктыярдуу сереп аркылуу биз Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын жүзөгө кандай ашырып жатканыбыз көрүнөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдөгү Улуттук ыктыярдуу серепке даярдык көрүү боюнча Координациялык комиссиянын биринчи жыйынында билдирди.

«Улуттук ыктыярдуу сереп – бул документ гана эмес, акыркы жылдары жасаган жумуштарыбыздын жыйынтыктарын жана тажрыйбасын чагылдырат. Ал туруктуу өнүгүүгө жетишүүбүздөгү кеңири аракеттердин тартибин өзүнө камтышы керек. Бул үчүн бардык бийлик бутактары – мыйзам чыгаруу, аткаруу, соттук, ошондой эле жарандык жана бизнес-коомчулук кызыкдар болушу шарт», — деп белгилеген вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, бардык тараптардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады.

Комиссияга караштуу экономика, экология, социалдык чөйрө, соттук реформаларды башкаруу, мониторинг жана баа берүү багыттары боюнча беш жумушчу топ түзүлгөн. Аларда дүйнөлүк лидерлер тарабынан кабыл алган туруктуу өнүгүүнүн бардык 17 максаты чагылдырылат.

Бардык беш топтун баяндамасын уккан  вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, дээрлик ар биринин ишин сынга алды.

«Иш 6 ай мурда башталган. Ошол эле учурда бир дагы топтон мен маанилүү баяндама ала алган жокмун. Ушундай шартта бул багытта иштер жүрүп жатабы же жокпу деген суроо келип чыгат. Мындай мамиле жана ушундай темп менен серептин долбоорун убагында жана сапаттуу бүткөрүүгө кыйын болот. Кыргыз Республикасындагы БУУнун аракеттешүүсү менен жумушчу топтор үчүн 5 консультант дайындалып, кеңири коомдук кароого жана документтин долбоорун талкуулоону уюштурууга аракеттешүү боюнча эксперттер үчүн Техникалык тапшырмалардын долбоору берилди. Ишке болгон мамилени өзгөртүп, реалдуу аракеттерди көрүү керек», — деди ал.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баса белгилегендей, Улуттук ыктыярдуу серепти кечиктирип же сапатсыз даярдоо үчүн жумушчу топтордун мүчөлөрүнүн дагы, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин дагы жеке жоопкерчилиги аныкталат.

Маалымат үчүн: БУУ Башкы Ассамблеясынын 70-сессиясында (2015-жылдын сентябры) БУУ мүчө-мамлекеттеринин катарында Кыргыз Республикасы дагы «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү күн тартиби» Резолюциясын жактырган.

БУУга жөнөтүлгөн өтүнмөнүн негизинде Кыргыз Республикасы 2020-жылы Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин жогорку деңгээлдеги  (ЭКОСОС) Саясий форумунда Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча Улуттук ыктыярдуу серепти  көрсөтөт.

Количество просмотров: 41