• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Көлбаевдин кармалышы боюнча УКМКнын маалыматы

22 Тогуздун айы 202013:30 Бишкек Govori.TV

Кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаев уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 249-беренесинин биринчи бөлүгүнүн («Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу») негизинде каттоого алынды.

Эске салсак, Бүгүн социалдык тармактарда Камчы Көлбаев атайын кызмат тарабынан кармалганы тууралуу сүрөттөр тараган.

Количество просмотров: 192