• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Күндүн ыргагы: 3 адамды өлтүргөн Ашыралиевди өмүр бою кесүү сунушталды. Депутат элди шайлоого алып келүүнүн жолун айтты

2 Жетинин айы 2023 18:30 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АСТАНАГА КЕТТИ

Президент Садыр Жапаров 2-3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен бүгүн Астана шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;  Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;  экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;  өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;  Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков бар.

Кошумчалай кетсек, иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат.

ДЕПУТАТТЫН СУНУШУ

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков шайлоого катышкандарга бир айлык жол кирени бекер кылып, акысыз интернет берүүнү сунуштады. Анын айтымында, мындай чаралар шайлоочуларга добуш берүүгө катышууга стимул болот.

Демилгени БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова да колдоп, айрым өлкөлөрдө ушундай норма бар экенин айтып, Кореяны мисал келтирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын 2021-2022- жылдар үчүн баяндамасын укту.

БАЛА БАКЧАДАГЫ ЫСЫК ТАМАК МАСЕЛЕСИ

Депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик бала бакчалардагы ысык тамактын акчасына байланыштуу маселе кайра каралып чыгарын билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга кайра өзгөртүү киргизип, бала бакчаларда ысык тамакты ата-эне эмес, мамлекет каржылай тургандай милдеттенме кирет.

Эске салсак, Финансы министрлиги 1-ноябрда Кыргызстанда мындан ары бала бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген.

Мекеме «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деген жүйө келтирген.

ИРИ ӨРТ: МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ КАЗА БОЛДУ

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев 41 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Дилмурат Шамшиев 1982-жылы 16-февралда Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ал Кыргыз Республикасынын ИИОна 24 жашында кабыл алынып, бир нече жыл кенже курамда кийин аймактык тескөөчү, жашы жете электер менен иштөө инспекциясында андан кийин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында үзүрлүү эмгектенип, акыркы мезгилдерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келген. Артында 3 баласы калды.

Белгилей кетсек,  Шамшиев Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнгөндө жабыркап, ооруканага жеткирилгендердин бири болгон. Дагы бир милиция кызматкери Акуналиевдин абалы оор бойдон ооруканада жатканы кошумчаланды.

БИШКЕКТЕГИ ҮЧ АДАМДЫН ӨЛҮМҮ

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамдын өлүмүнө шектелип кармалган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо уланды.

Мамлекеттик айыптоочу Ашыралиевдин кылмыш жасаганы толук далилденгенин билдирип, судьядан айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранды. Мындан сырткары прокурор жабырлануучу тарапка 4,6 млн сом кенемте өндүрүп берүүнү өтүндү.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Аширалиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 353