• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Айыл өкмөт пара алууга шектелүүдө. Президенттен кайсы депутаттар сыйлык алды?

28 Бештин айы 2023 18:32 Бишкек Govori.TV

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары мамлекеттик сыйлыктарды алды. Наамды бүгүн президент Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда ыйгарды.

«Даңк» медалын Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Ормонов, Шайырбек Ташиев алды. Ал эми парламенттин депутаты Таалайбек Масабировго «Данакер» ордени ыйгарылды.

Белгилей кетсек, 28-декабрда өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өттү.

ПЕРЕБИВКА

МҮЛК БАШКАРУУ ФОНДУНУН ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарын кармады. Ведомстводон билдиришкендей, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыпталууда.

Белгиленгендей, УКМК тарабынан мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансында турган мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Р.К.Б. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ПЕРЕБИВКА

АЙЫЛ ӨКМӨТ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАРМАЛДЫ

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн айылынын тургуну ИИМдин тергөө кызматына арыз жазган. Анда айыл өкмөттүн жетекчилиги 2021-жылдын январь айында 4 сотых жер тилкесин кесип берүү үчүн 400 миң сом пара сурап, акчаны алгандан кийин милдеттенмелерин аткарбай коюшканы айтылат.

Бул боюнча текшерүү жүрүп, арызда жазылгандар аныкталгандан кийин ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (ири өлчөмдө пара алуу) менен иш ачкан.

Жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы менен башкы бухгалтери мурда алган 400 миң сомдун 40 миң сомун кайтарып берип жатышканда колго түшкөн.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

ПЕРЕБИВКА

ИНВЕСТОРЛОРДУН МҮЛКҮН ТАРТЫП АЛЫШКАН…

Ысык-Көлдө инвестордун мүлкүн тартып алууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалым болгондой, 2018-жылы Орусиянын жараны Р.Д.А. Кыргызстандын ISEO (Айсео) жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, Ысык-Көл районунун Корумду айылына 14 млн сомго пансионат курган.

«Пансионат курулуп бүткөндөн кийин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атына жамынган Р.Д.А., О.Б.А., А.К.Т. аттуу адамдар инвесторго зомбулук көрсөтүп, мүлкүн ээлеп алышкан да, өзүн өлкө аймагынан чыгып кетүүгө мажбурлашкан. Бул маалымат боюнча иш жүргүзгөн УКМК кызматкерлери кылмышка шектүү катары ISEO компаниясынын кожоюндары О.Б.А., А.К.Т.ны жана башкы бухгалтери А.Н.К.ны кармашкан»,-деп жазылат маалыматта.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 379