• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Атамбаев өлкөдөн чыгып кетти. Жээнбеков ооруканага жаткырылды

15 Бирдин айы 202318:29 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АТАМБАЕВ ТУУРАЛУУ ҮН КАТТЫ

Президент Садыр Жапаров 15-февралда “Кабар” агенттигине берген маегинде, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулганы боюнча пикирин билдирди. Ал соттун чыгарган чечимине баары баш ийип, мыйзам менен жашаганды үйрөнүшү керектигин белгиледи.

“Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз”, — деди президент.

14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кетти. Бир күн мурда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Ал эми Жогорку сот «Батукаевдин иши» боюнча Атамбаевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май сотуна жиберген.

АТАМБАЕВДИН КОЙ-ТАШТАГЫ ҮЙҮ КИМДИН КАРАМАГЫНДА

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыгып , Кой-Таштагы үйүнө барды. Бирок, бул хансарайы мамлекеттин мүлкүнө өткөрүлгөн. Ага карабай Атамбаевдин бул үйүнө барышы мыйзамдуубу? Анын укугу бар беле?,-деген суроо жаралды. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул маселе тууралуу пикирин билдиришти.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул хан сарайдын Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Бул жагдай тууралуу аталган министрликке кайрылып, мындай жооп алдык.

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАНДАРДЫН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛДЫ

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков ден соолугунун начарлашынан улам Бишкектеги менчик клиникалардын бирине жаткырылды. Белгиленгендей, Жээнбеков ооруканага 14-февралда жаткырылган.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги тергөө абагында жаткандардын дагы бири, жарандык активист Перизат Суранова да саламаттыгы начарлаганына байланыштуу ооруканага жеткирилген.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-февралда Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурумдар өтүп жатат. Белгилүү болгондой, мурдагы депутат Орозайым Нарматованын жана Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарттылса, саясатчы Равшан Жээнбеков, жарандык активист Али Шабдан, Бүтүн-Кыргызстан партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаевдин абактагы мөөнөтү узартылды.

Абактан ооруканага, андан соң үй камагына чыгарылган активист Орозайым Нарматова журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берип, «бийлик менен сүйлөшүү болгон жок» деген пикирин айтты.

Эске салсак, 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган.  Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Ал эми иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ

Бүгүн, 15-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 17 млн 838 миң 624,75 сом жана 13 миң 550 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча жардам чогулткандар болууда.

Белгилей кетсек, Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер барды. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен. 6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада бир нече шаар кыйрап, 40 миңге жакын адам көз жумуп, миңдеген жарандар жаракат алган.

ЭНЕРГИЯНЫ ҮНӨМДӨӨ СУНУШТАЛДЫ

Бишкекте электр тармактар ишканасы калкты электр энергиясын эң көп керектөө учурунда керектөөнүн режимин сактоого чакырат. Компаниядан билдиришкендей, 15-февралга карата Бишкек шаары боюнча электр энергиясын суткалык керектөө 9,9 млн кВт/саат пландын ордуна 11,3 млн кВт/саатты түздү. Керектөө лимити 1,4 млн кВт/сааттан, же 13,8%га ашты.

 «Электр энергиясын авариялык өчүрүүлөрдү жана электр жабдууларын бузулушун алдын алуу үчүн Бишкек электр тармактар ​​ишканасы электр энергиясын керектөө режимин сактоо зарылдыгын эскертет. Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине ылайык, электр энергиясы эң көп керектелген таңкы жана кечки убакта керектөөчүлөргө электр жылыткычтарын күйгүзбөө сунушталат», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, февралда электр кубатын эң көп керектөө сааттары эртең менен 8:00дөн 9:00гө чейин ал эми кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин болору катталган.

Количество просмотров: 3458