• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Баткенге кайрадан чектөө киргизилди. Жээнбеков Путин менен эмнени сүйлөшкөнү кетти?

28 Аяк оона 2020 18:04 Бишкек Govori.TV

«БИРИМДИКТИН» ЛИДЕРИНИН СӨЗҮ ТАЛКУУГА АЛЫНДЫ

Бийликчил делип, шайлоого бара жаткан «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун «евразиячылык интеграция» тууралуу билдирүүсү чуу жаратты. Соцтармактын колдонуучулары сын мүнөздөгү билдирүүлөрүн айтышууда. Көп көтпөй Аманкуловдун айткан сөзү боюнча жарандык коом нааразычылык акциясына чыгып, аянтка чогулду.


ПРЕЗИДЕНТ ОРУСИЯГА КЕТТИ
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Орусияга иш сапар менен кетти. Анын алкагында Сооронбай Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.


ШАЙЛОО КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАЙКООЧУЛАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН
Бүгүн, 28-сентябрда «Жалпы иш» коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоочулары шайлоо өнөктүгү тынч өткөнүн, бирок зордук-зомбулуктун башталышы, административдик ресурстардын колдонулушу, паракорчулук жана форма №2 боюнча массалык каттоолор менен коштолгон окуялар менен бузулгандыгын айтышат. Байкоочулардын айтымында, шайлоо өнөктүгү башталгандан бери, өз алдынча жана өзүнүн өкүлдөрү аркылуу республиканын аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө 20дан ашуун арыздарды жана билдирүүлөрдү жазды .


ОРУСИЯДА 51 КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАБЫРКАДЫ
Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва облусунун Ступин районундагы логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, анын кесепетинен жаракат алган кыргыздарга жардам берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.


КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда COVID-19 илдетинен акыркы суткада бир киши каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде билдирди.


БАТКЕНГЕ ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛДИ
Баткен облусунун аймагында эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан облустук штабдын чечими менен дагы бир катар чектөөлөр киргизилди. Бүгүндөн тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттордун каттамы, мал базарлардын иши убактылуу токтотулду. Мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окууга чектөө киргизилип, күндөлүк беш убак жана жума намаздарын үй шартында окуу сунушталып, облуска катуу көзөмөлдөгү беткап тагуу режими киргизилди.


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кайрадан карантин киргизүү же киргизбөө элдин өзүн алып жүрүүсүнө, эрежелерди сактоосуна жараша болот. Бул тууралуу 28-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Количество просмотров: 130