• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: COVID-19ду 466 киши жуктурду. Мас милиционерлер иштен алынды

16 Чын куран 2020 18:34 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 17 жаңы учур катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

КАЙГУУЛ КЫЗМАТЫНЫН УНААСЫ КАТЫШКАН КЫРСЫК

Бишкекте бүгүн болжол менен саат 06:20да Көлбаев-Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде «Лада Приора» менен «Мерседс-Бенц Спринтер» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду.

МАС АБАЛЫНДА КАРМАЛГАН МИЛИЦИОНЕРЛЕР ИШТЕН АЛЫНДЫ

Кызматтык унаасында мас абалында кармалган милициянын 3 кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ТЕРМИНАЛ УУРДАГАНДАР ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Бишкекте акча салынган терминалды
уурдап кеткен үч адам үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту 14-апрелде чыгарган.

МАТЕНОВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы башчысы Курманакун Матенов Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы болуп дайындалды.

Количество просмотров: 256