• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өгөйлөнгөн өкмөт. Нарында төрөткана кызматкерлеринен COVID-19 аныкталды

12 Бугу 2020 17:52 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 12-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 21 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1037 адамга жетти. Үсөнбаевдин айтымында бир сутка ичинде 6 медицина кызматкери бул илдетти жугузуп алган, жана бул 6 учур тең Нарын облусунан чыккан.

ЖК КОМИТЕТИ  ӨКМӨТТҮН ОТЧЕТУН УКТУ

Белгилей кетсек бүгун  Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитети бүгүн өкмөттүн 2019-жылдагы ишин талкуулады. Анда депутат  Алтынбек Сулайманов өкмөт чоң реформаларды жасабаганын айтып чыкты. Сулайманов Абылгазиевга  чоң реформалады жасайбыз деп келгенсиз, 2 жылдан ашты сунуштарды алып келген жоксуздар деди.

ЖЭЭНБЕКОВ ЧЕК АРАДА ЖАРАКАТ АЛГАНДАРГА БАРДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон курал колдонуу менен коштолгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

ТИМ МААЛЫМАТ БЕРДИ

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери 23 өлкөдөн 9196 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, алардын баардыгы жерде жүрүүчү транспорт жана аба каттамдары аркылуу мекенине кайтарылган.

ИСАКОВ КАЙРАДАН СИЗО-1ГЕ КОТОРУЛДУ

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковду Петровкадагы №8 колониядан кайра №1 тергөө абагына которушту. Мындай чечимди бүгүн, 12-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

КОЙ-ТАШТА КАЗА БОЛГОН НИЯЗБЕКОВГО ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛДУ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармап  алып келүү операциясында каза болгон «Альфанын” кызматкери Үсөнбек Ниязбековго эстелик тургузулду. Бул туруалуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Количество просмотров: 225