• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кемпир-Абадчыларга жаңы айып тагылды. Кайра шайлоого аттангандар 30га жетти

26 Чын куран 2023 18:42 Бишкек Govori.TV

КЕМПИР-АБАДЧЫЛАРГА ДАГЫ БИР АЙЫП ТАГЫЛДЫ

Кемпир-Абад ишинин фигуранттарына дагы бир айып тагылды. Жактоочулардын маалыматы боюнча, бул жолу алар Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга  чакыруу» беренелери боюнча айыпталууда.

2022-жылдын октябрында «Кемпир-Абадды коргоо комитети» түзүлгөн. Мындан соң 20дан ашык саясатчы, блогер, укук коргоочу, активисттер кармалган.

12-апрелде Биринчи май соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан 7 адам ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарса дагы 15нин камактагы мөөнөтүн узарткан. Ал эми бир нечеси ага чейин үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат. ИИМ иште далилдер жетиштүү экенин айтса, айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет.

КАЙРА ШАЙЛОО: БШК ЖЭЭНБЕКОВДУН АРЫЗЫН КАБЫЛ АЛДЫ

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун шайлоодо талапкер болуу тууралуу арызын БШК кабыл алды.

Бүгүн сот залына алынып келинген Жээнбеков  ал жаткан камерада белгисиз адамдар менен абак  кызматчылары тинтүү жасагандан кийин, жеке буюмдары жана Ленин районуну боюнча депутаттыкка даярдаган программасы жок болуп жатканын айткан

Ал эми ага чейин жактоочу Бакыт Автандил кайрылуу кылып, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жеенбеков менен жарандык активист Илгиз Шаменовдун Ленин бир мандаттуу округу боюнча депутаттыкка талапкер болууда конституциялык укуктары бузулуп жатканын айткан.

БШКнын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 30 адамдан талапкер болуу ниетин билдирген арыз түшкөн. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт. Шайлоо 28-майда болот.

БШКга талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз бергендердин арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Акин Токталиев жана башкалар бар.

Эске салсак, Ленин округунан шайланып келген ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырып берген. Мындан улам ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

 ОРУСИЯ ТЫЮУ САЛГАН АЗЫКТАР

Орусия өлкөсү кыргызстандан сүт азыктарын ташууга тыюу салды. Ага себеп катары өлкөдө өндүрүлгөн сүттүн талапка ылайык болбой жаткандыгын жүйөө келтирген.
Депутат Балбак Түлөбаев сүттү экспорттоодо мерчемделген нормадан ашык берип баштаганы, Орусиянын ишенимин жоготууда.

ТҮРКИЯ КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫН СЫЙЛАДЫ

25-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара шаарында Түркиядагы жер титирөөдөн кийин куткаруу иштерине жардам берген чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) министрликтин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүнов Түркиянын Мамлекеттик медалын ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакпаев Ардак грамота алганын билдирди.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерине катышып урандылардын арасынан сегиз адамды тирүү куткарып, каза болгон 198 кишинин сөөгүн табышкан.

Түркия менен Сирияда бир нече жолу жер силкинген учур катталып, катуу кыйроолор орун алган. Расмий Анкара зилзаланын курмандыктары 50 миңден ашканын билдирген. Сирияда 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылган

АЗАТТЫКТЫН СОТУ УЛАНДЫ

“Азаттыкка” каршы соттук териштирүүгө негиз болгон эфир боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис, Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын лингвист эксперти Жийде Семенова экспертиза кандайча жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат берди.

Бүгүн 26-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесинин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу арызын караган сот отуруму өтүп, кийинки отурум 27-апрелге жылдырылды.

Эске салсак, лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко 24-мартта министрлик кайрылган.

Быйыл 23-январда министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы маалым болгон. Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

Кошумчалай кетсек, учурда “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат.

КӨК-МОЙНОКТО ӨРТ ЧЫКТЫ

26-апрель күнү Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында куураган чөптөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн топ тартылган.  Тилсиз жоонун аянты болжолдуу аянты 40 сотыкты түзөт.

Эске салсак, 24-мартта Көк-Мойнок-2 айылында ар кайсы тилкеден өрт чыккан.

Тилсиз жоо Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун жана Бишкек — Балыкчы темир жолунун айланасында катталган. Кырсыктан эки сарай жана бир үйдүн дубалы, 50 гектар аянттагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн.

Количество просмотров: 179