• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өкмөт пенсияны көбөйтөт. Партиялар унутта калган убадаларын берип баштады…

15 Аяк оона 2020 18:06 Бишкек Govori.TV

Партиялар унутта калган убадаларын берип баштады

Учурда шайлоого аттанган партиялар эл кыдырып, өздөрүн тааныштырып, программаларын сунуштап, эгер парламентке келип калышса кандай иштерди жасаары тууралуу айтып, уюадаларды берип жаткан чактары. Бирок, үгүт процессинде айтылган убадалардын баары эле аткарыла бербеси ачык.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстандын үч аймагында коронавирус боюнча абал кооптуу болуп турат. Бул тууралуу 15-сентябрда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, республика боюнча көрсөткүчтү ар бир 100 миң кишиге деп санаганда Баткен, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаарында жогору болууда.

САСЫК ТУМООГО ЭМДӨӨ БАШТАЛАТ

Кыргызстанга сасык тумоого каршы 119 663 доза россиялык вакцина алып келинди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорусу бар, иммунитети алсыз, көп ооруган балдар менен кош бойлууларга, жашы 65тен өтүп калган адамдарга, балдар үйү менен мектеп-интернаттарда тарбиялангандарга, карылар үйүндө жашагандарга, ошондой эле медиктерге сайылат.

ОКТЯБРДАН ТАРТА ОКУУЧУЛАР МЕКТЕПКЕ БАРЫШЫ МҮМКҮН

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

КАЗАКСТАН МЕНЕН АБА  КАТТАМДАР ЖАНДАНАТ

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы авиациялык бийликтердин келишимдерине ылайык, эки өлкөнүн үзгүлтүксүз каттамдары 2020-жылдын 20-сентябрынан баштап кайра жанданат.

ӨКМӨТ ПЕНСИЯНЫ КӨБӨЙТӨТ

Кыргызстанда пенсияны 7%га жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, быйыл 1-октябрдан тарта пенсияларды индексациялоо иштери жүргүзүлөт.

ЖЕР КӨЧКҮДӨ КАЗА БОЛГОНДОР ЖОК

Социалдык тармактарда Кара-Кечедеги жер көчкүнүн кесепетинен жараат алгандар жана жабыркагандар бар деген маалымат тарады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Нарын облусунун Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымындагы жер көчкүдөн каза болгондор жок. Көчкүнүн жүрүшүнө жаан-чачын себеп болгон.

Количество просмотров: 192