• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Күндүн ыргагы: Өкмөттүн кышка даярдыгы жокпу? Тууну өзгөртүү сунушталды

28 сентября 2023 в 18:34 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ГЕРМАНИЯГА КЕТТИ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти. Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында, Биринчи айым Айгүл Жапарова; тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; Президентти администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;  Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов бар.

ТУУДАГЫ КҮНДҮН НУРУНУН ФОРМАСЫН ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШТАЛДЫ

Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов.

Документте айтылгандай, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат. Кыргызстандын туусундагы күндүн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн авторлор – бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгышкан, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, чиймелерди чийип, коштоочу иштерди жасаган инсандар тартылышкан, — деп маалымдалат.

Бул арада, депутаттардын жогорудагы сунушу социалдык тармактарда ача-пикир жаратып, кызуу талкууга жеп таштады.

ДЕПУТАТТАР КЫШКА ДАЯРДЫК МАСЕЛЕСИН ЭМНЕГЕ КАРАБАЙ КОЮШТУ?

Өлкөнүн кышка даярдыгы тууралуу маселе бүгүн 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибинен алынды. Анда бир катар эл өкүлдөрү жыйынга «Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, айрым министрлердин келбегенин сындашты.

Жыйынга катышкан президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөттө атайын келбей коюу деген ою жок экенин билдирди.

«Кышка даярдык маселеси эмнеге каралбай калды?» депуттар өз пикирлерин ортого салышты.

Бул маселени кийинки аптанын шаршемби-бейшемби күндөрү кароо чечими кабыл алынды.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМГА ӨЗГӨРТҮҮ

28-сентябрда Жогорку Кеңеш “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз эле колдоду. Документти парламентте талкуулабай эле кабыл алууну депутат Надира Нарматова сунуштады. Эми мыйзам долбоору кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так белгиленген. Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын билдирип, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган. Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси ушул чечимден кийин көтөрүлгөн.

УКТ МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) кылмыштуу тобунун эки мүчөсү “опузалап талап кылуу” фактысы менен кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын кабарлашынча, шектүүлөр Көлбаевдин кылмыштуу тобунун абакта жаткан мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунун коркутуп, 2500 доллар талап кылышкан. УКМК 26-сентябрда шектүүлөр акча талап кылган тургундан 210 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын билдирди.

Шектүүлөр атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 158