COVID-19. ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
Бүгүн, 22-апрелге карата Кыргызстанда дагы 22 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты с актоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
КОРОНАВИРУСТАН ДАГЫ БИР АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
22-апрелде Бишкек шаарындагы инфекциялык ооруканада коронавируска кабылган 53 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев Govori.TVга билдирди.
ЭЛ АКЫНЫ ЭЛМИРБЕК МЕНЕН КОШТОШУУ
Төкмө акын, КРнын Эл артисти,көп кырдуу талант Элмирбек Иманалиевдин сөөгү бүгүн, 22-апрелде Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Маркумду жерге берүү зыйнатына өзгөчө абалга карабай көп киши келди.
АТАМБАЕВ СОТКО БАРУУДАН БАШ ТАРТТЫ
Кой-Таш окуясы боюнча 22-апрелге белгиленген сот отуруму болгон жок. Ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, кийинки отурум 27-апрелге жылдырылды.
НОВОСИБИРСКТЕН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ КЕЛЕТ
Бүгүн Новосибирск (Россия Федерациясы) шаарынан 176 кыргызстандык учуп келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында өткөн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылды.