• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Коронавирустан көз жумгандар көбөйдү. Мэрия алдыда дагы оор абал күтүлүүдө деди

8 Теке 2020 17:57 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда 8-июлга карата коронавирус жуктурган дагы 345 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 8486 кишиге жетти.

Жаңы катталгандардын арасынан  62и медкызматкерлери. Ал эми 8-июлга карата дагы 67 адам коронавирус оорусунан дарылангандан кийин айыгып, ооруканадан чыкты. Акматованын  маалыматына ылайык өткөн сутка ичинде пневмониядан 44 адам каза болсо, ал эми 13 бейтап COVID-19 инфекциясынан көз жумду.

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР МЕКЕНИНЕ КЕЛДИ
8-июль күнү Минск-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 182 кыргызстандык учуп келди. Алардын арасында Беларус, Украина, Австрия, Венгрия, Британия, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерланд, Польша, Франция, Швейцария өлкөлөрүнөн келген кыргызстандыктар бар.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстандын Беларустагы жана Украинадагы элчиликтери тарабынан Европа өлкөлөрүндөгү элчиликтердин жана консулдуктардын кайрылуусуна жараша түзүлгөн.

ӨЛКӨГӨ 200 КЫЧКЫЛТЕК КОНЦЕНТРАТОРУ АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

Бүгүн Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу өкмөт сатып алган 200 даана мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алгач 5-июлда биринчи партия менен 500 даана кычкылтек концентратору алынган, ал эми калган 800 даана кычкылтек концентратору жакынкы арада өлкөгө жеткирилмекчи.

ШААР МЭРИ ТУРГУНДАРГА КАЙРЫЛДЫ
Бишкек шаарында 9 күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, күндүзгү стационарларга саат 8:00дөн баштап 20:00гө чейин кайрылууга болот. Ал жерде дарыгерлер жана дары-дармек сатып алуу үчүн дарыканалар бар. Медайымдар бейтаптарга тамчылатма дары коюп же ийне сайып беришет.

БИР НЕЧЕ СООДА БОРБОРЛОР ИШИН ТОКТОТОТ

Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борбору өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 8-июлдан 19-июлга чейин убактылуу ишин токтотот.

Ушул эле күнү баш калаадагы «Asia Mall», «Технопарк» соода борборлору, РИОМ автоунаа базары да коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал оңолгонго чейин карантинге жабыла турганын билдиришти.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖОЖДОРГО ОНЛАЙН ТАПШЫРАТ

Жогорку жана кесиптик окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн түрүндө жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда кабарлады.

Количество просмотров: 3862