• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Өлкөдө вирус жуктургандар 656. Стамбулдан дагы кыргыз жарандары келди

24 Чын куран 202019:36 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
Өлкө боюнча 24-апрелге карата коронавирус инфекциясын жуктурган 25 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

БИШКЕКТЕ «СУБАРУ» 6 УНААНЫ СҮЗДҮ

Бишкекте айдоочу рулга ээ боло албай токтоп турган 6 унааны сүздү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти.

КАРАНТИНДЕ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК КӨБӨЙДҮ

Бишкекте коронавируска байланыштуу карантин жарыялангандан бери үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү. Бул тууралуу 24-апрелде ички иштер министринин орун басары, баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

ТҮРКИЯДАН 351 ЖАРАН АЛЫНЫП КЕЛДИ

Кыргызстандык 351 жаран 24-апрелде Түркиядан Бишкекке чартердик каттам менен алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

ПАНКРАТОВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ
Олег Панкратов Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын бажылык кызматташтык боюнча мүчөсү (министр) кызматына дайындалды.

Количество просмотров: 449