• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Матраимов канча акча төктү? Коронавирустун жогорку чеги февралга туш келет

1 Бештин айы 2020 18:07 Бишкек Govori.TV

Конституциялык укук боюнча эксперт жана юридикалык илимдеринин доктору Сания Токтогазиева менен депутат Дастан Бекешев Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого катышуудан баш тартышты. Алар кеңешме легитимсиз, мүчөлөрү болсо алардын сунуштарын эске алууну көздөбөйт деп эсептешет.

ЮРИСТТЕР “ЖАҢЫ” БАШ МЫЙЗАМДЫ ТАЛДАШТЫ

Бишкекте 1-декабрда өтүп жаткан тегерек үстөлдө буга чейин коомдук талкууга коюлган Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун юристтер талдады. Көз карандысыз юристтер бирикмесинин мүчөсү Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында, Конституциянын долбоорун легитимдүү деп эсептөөгө болбойт.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Ош облусунда эки, Чүй облусунда бир, Талас облусунда бир өлүм катталды.

КОРОНАВИРУСТУН ЭКИНЧИ ТОЛКУНУ

Бишкекте коронавирустун жогорку чеги 2021-жылдын февраль-март айларына туура келет деген божомолдор болуп жатат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева маалымат жыйын учурунда билдирди. Айтымында, ар бирибиз жоопкерчиликтүү болсок, коронавирус пандемиясынын экинчи толкунун жеңүү мүмкүн.

САРПАШЕВ ЖЕРЛЕРИН МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРАТ

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мурунку биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматы билдирди.

МАТРАИМОВ КАНЧА КАРАЖАТ ТӨКТҮ?

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 1-декабрга карата мамлекетке жалпысынан 646,6 миллион сом төктү.

Количество просмотров: 394