• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Өпкө оорусунан бир күндө 85 адам ажал тапты. Түркиядан жардамга дарыгерлер келди

15 Теке 2020 18:28 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирус жуктурган дагы 439 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында көбү Бишкек шаары менен Чүйдө катталган.

БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ВИРУСТАН АЙЫКТЫ
Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков коронавирус илдетинен айыгып, 15-июлдан тартып ишке чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, Баатырбековдункайрадан кайрадан тапшырган анализдин жыйынытыгы таза чыккан.

ТҮРКИЯ ГУМЖАРДАМ ЖИБЕРДИ
Түркиядан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы «Манас» аэропортуна бүгүн, 15-июлда саат 11:00дө конгон.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, гуманитардык жардам коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык жабдыктар түрүндө жөнөтүлгөн.

БИР АПТАДА 2 МИҢГЕ ЖАКЫН МИГРАНТ КЕЛДИ
2020-жылдын 6-июлунан 12-июлга чейинки аралыкта Россиядан 1 миң 813 кыргыз жараны мекенге кайтып келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бир жуманын ичинде Москва шаарынан 8 чартердик каттам уюштурулган.

ТҮНКҮ СТАЦИОНАРЛАРГА ООР АБАЛДА КАЙРЫЛГАНДАР

Социалдык түйүндөрдө эс-учун жоготкон кызды көтөрүп келген жаран түнкү стационарлардын бирине кире албай тургандагы видео жарыяланды.

Видеонун алдында жазылган маалыматка караганда, окуя кечээ, 14-июлда болжол менен 20:45те орун алган. Анда стационардын ачылышына 15 мүнөт калганда ушундай окуя болгону жазылган.

МИНИСТРЛИК ТАРАБЫНАН КӨРҮЛГӨН ЧАРАЛАР

Бүгүнкү күндө 27 балага 50 миң сомдон сүйүнчү төлөндү. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифингде билдирди.

Количество просмотров: 328