• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Раим миллион Акаевди каржылайбы дегенге Текебаев жооп берди. Мадумаров шайлоону жылдыралы дегендерге катуу айтты (түз эфир)

5 Кулжа 2020 18:07 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн 5-июнга карата маалыматтарга ылайык, дагы эки коронавирус менен ооруп жаткан жаран каза болду. Маалыматка караганда, биринчиси Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну. Анын кан басымы жогору жана кант диабети болгон. Экинчи учуру Ош шаарында, 34 жаштагы келин жандандыруу бөлүмүндө жатып көз жумган. Ал эми бүгункү күнгө карата дагы  37 адам коронавирус жугузуп алды.

ПАРЛАМЕТТИК ШАЙЛОО МӨӨНӨТҮ ЖЫЛАБЫ?

Өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу парламенттик шайлоону жылдыруу сунушталууда. Мындай пикир коомдук ишмер, саясий серепчи, ошондой эле саясатчылардын ортосунда кайчы пикирди жаратууда. Чын эле шайлоо убактысы жылып калышы мүмкүнбү? Кененирээк төмөндөгү материалда.

“АТА МЕКЕН ЖАҢЫ ДЕМ” БИРИКМЕСИ ТҮЗҮЛДҮ

КЛДП, «Ата-Мекен», «Ак Шумкар», «Жаңы Дем», «Жашыл Күчтөр» саясий партиялары жана КСДПнын кээ бир депутаттары биригишти. Алар күздө болот турчу парламенттик шайлоого бирге аттанышат. Алар Ата Мекен платформасында биригип, “Жаңы дем” деп аталышты.

БИКИРОВ “МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАНДЫ” ЖЕТКЕТЕЙТ

 «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров шайланды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыкты. Белгилей кетсек, Бакиров парламентте  «Өнүгүү-Прогресс»  фракциясынан келген.

НАРЫНДА 4 ТУРАК ҮЙ АВАРИЯЛЫК АБАЛГА КЕПТЕЛДИ

Нарын шаарында сел калдыктарынан 63 турак жай тазаланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 3-июнда жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 50 турак үйдүн ичине суу кирип, короосун каптаган.

Количество просмотров: 2661