• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Сотторго Жээнбековдун сөзү өтпөйбү? Сапар Исаковдун ден соолугу начарлады

26 Бирдин айы 2020 19:57 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=hAKJOth1hEo

ЖЭЭНБЕКОВ РОССИЯГА БАРАТ
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда Москва шаарында өтөт.


КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАГА 3 СУДЬЯ ШАЙЛАНДЫ
Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйында Конституциялык палатанын судьясы кызматына Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Бобукеева жана Латип Жумабаевдин талапкерлиги каралды.


ПАРЛАМЕНТ КОРОНАВИРУС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ УГАТ
Жогорку Кеңеш Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда алдын алуу иштери кандай жүрүп жатканын талкуулайт.


КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ИШ СОТКО ӨТТҮ
Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 26-февралда кабарлады.


ИСАКОВДУН ДЕН СООЛУГУ НАЧАРЛАДЫ
Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча бүгүн эртең мененки убакка белгиленген сот отуруму болгон жок.


ПАСПОРТ БАСЫП ЧЫГАРУУГА ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАНДЫ
Кыргызстанда биометрикалык паспорт басып чыгарууга кезектеги тендер жарыяланды. Мамлекеттик сатып алуу порталында 26-февралда чыккан жарыяга ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы бул максатта 973 миллион 123,5 миң сом бөлүүгө даяр. Каалоочулардан арыз 19-мартка чейин кабыл алынат.

Количество просмотров: 267