• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Таласка барган мигранттар күч менен карантинге алынды. Акаев премьерди текшерүү сунушун айтты

20 Бугу 2020 17:57 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн, 19-майга карата коронавирустун 27 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.Белгилүү болгондой бир күн ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

ТАЛАСКА БАРГАН МИГРАНТТАР ОБСЕРВАЦИЯГА АЛЫНДЫ

19-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынган. Ар биринен буга чейин эки жолудан ПЧР-анализ алынып, «таза» деген жыйынтык чыккан. Бирок коопсуздук үчүн алар Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган карантиндик жайларга жайгаштырылды. Ал эми сырттан келген жарандар  жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей, алар обсервациянын шарттарына нааразы болушкан.

ПАРЛАМЕНТТИН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫНЫ

Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынын депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөрдү.

ПАРА МЕНЕН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ

Сузак райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) басма сөз кызматынан кабарлашты.

БИШКЕКТЕ КАРАНТИНДИК РЕЖИМ САКТАЛАТ

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов 21 жана 25-майдан тарта борбор калаада кайсы ишкана-мекемелерге иштөөсүнө уруксат берилери жана кайсылары азырынча иштебей турарын айтып берди.

Количество просмотров: 140