• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Вирусту 1662 адам жуктурду. Абылгазиевдин дипломунан шек санагандар чыкты

29 Бугу 2020 19:22 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
29- майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 68 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1662 адамга жетти.

ОШТО ТӨРӨТКАНАДАГЫЛАР КОТОРУЛДУ
Ош шаардык төрөт үйүндө обсервацияга алынгандар толук шарты бар клиникаларга которулду. Маалыматка ылайык, алардын баары 28-май күнү кечке жуук которулду.
28-майда Оштогу шаардык төрөт үйүндөгү 34 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен бешөө жаңы туулган ымыркай, 14ү жаңы төрөгөн энелер, калганы медицина кызматкерлери.

ФИЛИППИНДЕН ЖАНА КОРЕЯДАН КЫРГЫЗДАР КЕЛДИ
“Манас” эл аралык аэропортунда 2020-жылдын 29-майында Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча “T-way” авиакомпаниясынын чартердик рейсин тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Мекенине 58 КР жараны кайтып келди.

УМУРАЛИЕВА УКМКДА СУРАК БЕРИП ЧЫКТЫ

«Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева 28-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  шаардык бөлүмүндө төрт саат сурак берип чыкты.

АБЫЛГАЗИЕВДИН АЛГАН ДИПЛОМУ ТАЛКУУДА

АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өмүр баянын окуп чыгып, Кыргызстан Эл аралык университетинин 1997-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жок болгондугун жазып чыкты.

ИНДИЯЛЫК СТУДЕНТ СУУГА ЧӨКТҮ
Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенти, 19 жаштагы индиялык жаран Ак-Буура суусуна агып, каза болгон.  Маалыматка ылайык, 112 ыкчам номерине 29-майга оогон түндө, саат 4:00 чамасында маалымат түшкөн. Издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери жүргүзүшкөн. 29-май күнү, болжол менен саат 9:30 чамасында студенттин сөөгү табылган.

Количество просмотров: 243