• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров кышында жарык өчпөй турганын айтты. Көлдөгү кырсыкка 16 жаштагы бала айыпталууда

26 Теке 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ АБАЛ ТУУРАЛУУ

Президент Садыр Жапаров 26-июлда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими тууралуу түшүндүрмө берди.

Анда мындай жарлыккка кол койгон себебин Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарылчылыгы менен негиздеди жана «сарсанаа болууга» негиз жоктугун айтты.

«Эч кандай өзгөчө кырдаал түзүлгөн жок. Бул жарлык менен энергетика тармагында кандай гана маселе жаралбасын, министрге ыкчам чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик. Маселен, энергетика министри өзүнүн компетенциясына кирген суу, энергетика, гидроэнергетика жана башка маселелер боюнча бардык координациялоо ролун аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине, тармактык министрликтердин жетекчилеринин орун басарларына эми энергетика министри тапшырма бере алат”, — деген Жапаров.

Ошондой эле президент, министр өзүнүн министрлигинен башка органдарга түз чыга албай, энергетика жаатындагы маселелердин чечилиши бир топ аксап, кечеңдеп калып жатканын айтты.

“Айрым маселелер мекемелер арасында жарым жылдап чечилбей калып турган учурлар бар экен. Тилекке каршы, биздин ачык-айрым коомубузда “бийлик эптеп эле бир жеринен жаңылса, жыдыса экен” деп, жалаң эле жамандык издеген, өлкөдө ушундай бир каатчылык түзүлсө экен деп күткөн бир ууч топ бар. Бирок биздин сабаттуу элибиз өкмөттүн ачык-айрым ишин туура, так түшүнүү менен кабыл алып жатат», — деп кошумчалады өлкө башчы.

Президент быйыл өлкөдө суу аздыгына токтолуп, бул Кыргызстанга эле эмес, жалпы аймактагы көрүнүш экенин белгиледи. Кышында электр энергиясына байланыштуу көйгөй жаралбайт деп ишендиргенге аракет кылды.
Садыр Жапаров 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алдында, 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөттүн жыйынында мынжай режим киргизүүнү сунуштаган.

ЖӨЛӨК ПУЛДУН ӨЛЧӨМҮ КӨБӨЙДҮ

Иштеп жаткан жарандар үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлагандай, КР мыйзамдары менен иштеген жарандарга убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда социалдык кепилдиктер каралган. Иштеп жаткан жарандар ооруп калган учурда, аларга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөнөт. Жөлөкпул биринчи он иш күнү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө, ал эми 11-иш күнүнөн тартып 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт. Жөлөкпулду төлөө үчүн негиз болуп убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы саналат.

«Буга чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул 11-иш күндөн тартып айына 50 эсептик көрсөткүч (5000 сом) өлчөмүндө төлөнүп келген, ал эми 2023-жылдын 13-апрелинен тартып иштеген жарандарга карата социалдык колдоону күчөтүү максатында анын өлчөмү 100 эсептик көрсөткүчкө чейин көтөрүлүп, 10 000 сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ КЫРСЫК.  ЖАШ ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

Этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин айдоочусу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча менен жазык иши козголду. Анын алкагында катердин айдоочусу, Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну райондук милициянын убактылуу-кармоочу жайына, соттун бөгөт чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды.

Шектүү 23-июлда Чолпон-Атада эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп баратып жанындагы теплоходго урунган. Кырсыктан 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз жаракат алып, 24-июлда ооруканада каза болгон. 21 жаштагы дагы бир кыз ооруканада.

Президент Садыр Жапаров бул окуядан кийин Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берди.

ҮЧ АДАМДЫН ӨЛҮМҮ: ШЕКТҮҮНҮН СОТУ УЛАНУУДА

Бүгүн, 26-июлда Бишкектеги Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектелип кармалган Чынтемир Аширалиевдин иши каралып жатат.

Шектүү сотко жеткирилди. Ишти караган судья Надырбек Токтосунов. Бүгүнкү жараянда күбөлөр суралды. Маркумдун 81 жаштагы апасы У. К., соттолуп жаткан Чынтемир Аширалиевди тааный турганын айтты.

«Аширалиевди көргөм, тааныйм. 16-февраль күнү эртең менен кызыма чалсам албайт. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей болуп, ордума тура албай койдум. Бул жактагыларга байланышып билгилечи дедим. Киши колдуу болгонун укканда Аширалиев кылган деп айттым. Биринчи жолу көргөнүмдө саламдашканга жараган эмес. Демек адам кадырын билбейт. Кызымдын кичүү баласы Аширалиевден экенин билчүмүн. Баласы төрөлгөндө качып карабай жүргөн. Кызым баланын атасы жакшы ичпейт, чекпейт дечү. Мына ичпеген, чекпеген адамы ушуну кылды. Бул жөнүндө жаман сөз айткан эмес. Парламенттик шайлоого дагы аттанганын билем. Шайлоого көп акча кетет экен, кызым 100 миң акча жөнөткөн. Башка акча дагы берип жүргөн»,-деди маркум аялдын апасы.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Аширалиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

УНАА ЖАРДАН КУЛАП КЕТТИ

Бишкек – Ош унаа жолунун 402-чакырымында унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жардан кулап кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

“Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Толук маалымат кийинчерээк берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркап, 1 аял жеринде каза болгон, аты-жөнү такталууда.

Фотограф Влад Ушаков кырсык болгон жерден сүрөттөрдү жарыялап, окуянын күбөлөрү дароо жабыркагандарды жардан чыгарууга жардамдашканын жазган.

Количество просмотров: 156