• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров менен Рахмон эмнени сүйлөштү? Кара-Балтада «каралар» кармалды

2 Кулжа 2023 18:26 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МЕНЕН РАХМОН ЖОЛУГУШТУ

Кыргызстанга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандые президенти Касым-Жоомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Аларды “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын жана ишенимдин негизинде өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.

Белгилей кетсек, Чолпон-Атада “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммити өтөт, ага аталган өлкө лидерлери катышат.

КАЛАШНИКОВА КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкек шаардык соту коррупцияга шектелип кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникованын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Соттун чечимине ылайык ал 22-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында болот.

19-майда Калашникованын баш коргоо чарасын караган Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган болчу.

УКМК өкмөт түзгөн Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары «коррупцияга» шек саналып камалганын 18-майда билдирген. Анда «ири өлчөмдөгү мамлекеттин акчасы негизсиз коротулганы аныкталды» деп жазылган.

Атайын кызмат уставдык капиталы 1 миллиард сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча орунсуз жок кылынганын, максатсыз коротулганын, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирди.

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында бир катар депутаттар ишкананын жетекчиси Елена Калашникованын ишмердүүлүгүн кескин сынга алышкан.

Ал өзү ар бир тыйындын сарпталышы боюнча жооп берүүгө даяр экенин, мамлекет туризм тармагына көңүл буруп жатканын айткан.

АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн учурдагы жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы жана анын орун басары, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалгандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө.

Шектүүлөр  «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак бөлүмүнүн жооптуу адамдары Ырыс айыл аймагынын кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, жерге жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды түзүшкөн.

Бул кызмат адамдарынын кылмыштуу тобу акыркы 10 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө маанилүү жерлерде, тактап айтканда, стратегиялык жана республикалык маанидеги «Бишкек-Ош» унаажолунун боюнда, ошондой эле ички жолдор менен магистралдык көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан ири ишкерликти жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ жерлерди мыйзамсыз өздөштүрүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

УКТ МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

Чүйдө жеке ишкерден опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.  УКМК тарабынан иликтөө жана ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында, 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында  узак убакыт бою денесине жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуу жолу менен айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылган Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды.

Аталган адамдар 2023-жылдын 1-июнунда 130 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык, УКМКдин тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КУРСАКТАГЫ БАЛАСЫН САТКАН КЕЛИН КАРМАЛДЫ

Чүй облусунда ымыркайды сатуу фактысы катталды.

Маалыматка ылайык, милицияга Ысык-Ата районунун 1998-жылы туулган тургуну курсактагы баласын сатууга аракет кылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1998-жылы туулган келин 1996-жылы туулган жаранга курсактагы баласын сатууга убада берген. Ал эми сатып алган жаран келинге 100 миң сом, Айфон 12 жана Орусияга билет алып бермек жана ымыркай төрөлгүчө аны бакмак. Андан ары жаран Ысык-Ата районунун Жалпы медициналык практика борборунун кызматкери менен кылмыштуу тил табышып, аны менен өзүнүн атына кош бойлуу болгондугу тууралуу жалган карта түзүшкөн. 20-майда келин жасалма документ менен барып, аталган борбордо кыз төрөгөн. Кылмыш иш алдын алынып, эки шектүү милицияга жеткирилген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш ишинин бардык катышуучуларынын аракеттерине юридикалык баа берилип, тиешелүү айыптар тагылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 246