• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: «Жапаровго бала болуп берейин». Дастанды сүзгөн айдоочу кечирим сурады

3 Аяк оона 2019 20:46 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы «Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн кайрадан кайтарылып берилгени белгилүү болду, деп Азаттык жазып чыкты. Бул маселе коомчулуктун талкуусуна алынып, ача пикирлер жаралды. Ал эми өкмөт жаралган пикирлерге жооп ирээтинде «Кумтөргө» коруктун жери кайрадан берилгенин четке какты.
Эки күндөн бери Бишкекте болгон эркек адамдар арасындагы үрөй учурган мушташ талкууда, анын кесепетинен алардын бири комага, бири катуу жаракат алган. Интернетке тараган видеодон эки киши бирөөнү катуу, аесуз сабап жатканы көрүүгө болот. Коомчулук булардын кылган кылыгына таң калып, мындай мыкаачылыктын себебин аңдай албай турган чагы.
Ал арада Садыр Жапаровдун уулу Дастанды сүзгөн айдоочу «Балаңыздын ордуна уул болуп берейин» деп, көзүнө жаш алып камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдон жана кыргыз элинен кечирим сурады.

Количество просмотров: 273