• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Күндүн ыргагы: Журналисттер коргонуп акцияга чыгышты. Кумтөрдү иликтеген комиссияны ким жетектейт?

14 Тогуздун айы 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

КМШ: КИЙИНКИ САММИТ КЫРГЫЗСТАНДА ӨТӨТ

Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ага ылайык, 2024-жылды — Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — Улутчулдукка каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды — Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо каралган. Мындан тышкары, уюмга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу, терроризмге жана экстремизмге каршы биргеликте күрөшүү, эркин соода кызмат көрсөтүү долбоорун даярдоо, 2024-жылы Санкт-Петербург шаарын шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо тууралуу макулдашуулар бар. Белгилей кетсек, КМШнын кийинки саммити Бишкекте өтөт. 2023-жылдын 13-октябрында өтөөрү айтылган кийинки саммитте Кыргызстан төрагалык кылат. Президент Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап төрагалык кылуу учурунда КМШ мейкиндигинде интеграциялык түзүмдөрдүн түрдүү деңгээлдеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана тереңдетүү менен бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоого негизделген КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулук жана ишенимдүү мамилелерди чыңдоого өзгөчө көңүл бурат.
Ошондой эле мамлекет башчысы бири-биринин территориалдык бүтүндүгүн урматтоо жана азыркы чек аралардын кол тийбестиги сыяктуу маанилүү принципти баса белгиледи. Президент кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын дагы бир жолу ырастады.

КУМТӨР БОЮНЧА КОМИССИЯ

Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга Исхак Масалиев төрага болду. Бул тууралуу Govori.TVга эл өкүлү Исхак Масалиев билдирди. «Ооба, «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө боюнча комиссияга мени төрага кылып шайлашты. 19-октябрда өтчү жалпы жыйында бекитишет»,-деди Масалиев.
Комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев кирген.


СӨЗ ЭРКИНДИГИ ҮЧҮН ЖҮРҮШ

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте сөз эркиндигин коргоо, көз карандысыз медиаларга кысымды токтотууну талап кылган жөө жүрүш өттү. Катышуучулар Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин басышты. Жүрүшкө келген журналист Али Токтакунов эркин медиалар менен журналисттерге кысым болбошу керектигин баса белгиледи. Ал эми “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөмбеков 3 редакцияны жабуу талабы акылга сыйбайт жана негизсиз деген пикирде. Кечээ, 13-октябрда «Азаттык», «Клооп», «Кактус Медиа» жалпыга маалымдоо каражаттарынын жабылышын талап кылган митинг өткөн. 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жогоруда айтылган басылмаларын жабуу талабы менен депутаттардан кол чогултуп жатканы белгилүү болгон. Нарматова өзү айтылгандарды четке каккан. Ошол эле учурда бүгүн «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 2022-жылдын 14-октябрынан тартып коомдук талкууга коюлду. Экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгечи болгон мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр 23-августта кол койгон. Аталган мыйзам долбоору коомчулукта сын-пикирлерди жараткан. Документ кабыл алынганы менен аны ишке ашыруу жол-жобосу дагы деле так эмес.

БАТКЕНГЕ КОНТЕЙНЕРЛЕР ЖӨНӨТҮЛДҮ

Бишкек шаарынын мэриясы Баткен облусунун убактылуу жашаганга ыңгайлаштырылып жасалган контейнер үйлөрдү жиберип жатат. 14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда талкаланган үйлөр курулуп бүткөнгө чейин убактылуу жашаганга жалпы 50 контейнер жиберилет. Анын ичинде тиричиликке тийиштүү бардык шарттар түзүлгөн.
Мэрия 16 темир контейнер жөнөтүлгөнүн, жакында дагы 12 үй Баткен облусуна жеткирилерин билдирди. Контейнерлерди жеткирүүгө өлкөдөгү ири соода борборлору, курулуш компаниялары жардам берүүдө. Жалпысынан Баткен облусу боюнча 661 үй зыян тартып, анын 423ү жашоого таптакыр жараксыз болгон. Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 12-октябрга карата маалыматы боюнча, 130 миң 650 жаран үйүнө кайткан, 6120 жаран үй-жайына бара элек.

ЖАШОО МИНИМУМУ 7242 СОМДҮ ТҮЗДҮ

Кыргызстанда 2022-жылдын III кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимумунун жалпы республика боюнча 7 242,09 сомду түздү.
Улуттук статистика комитети билдиргендей, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13,5 пайызга өстү. Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүнүн өсүшү бардык региондордо белгиленди. Анын эң жогорку нарктык чоңдугу Жалал-Абад облусунда – 7 миң 495 сомду түзүп, республикалык орточо көрсөткүчтөн 10,8 пайызга жогорулады, ал эми эң төмөнкүсү – Талас облусунда 6 ми 584 сом өлчөмүндө түзүлүп, орточо республикалык деңгээлден 12,5 пайызга төмөн болду.

Количество просмотров: 286