Бүгүн социалдык тармактарда Калкты тейлөө борборлорунун биринде узун кезекте турган адамдардын сүрөтү тарады.
Маалыматка караганда, сүрөт Жаш Гвардия менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган. Кезек күтүп турган адамдар санитардык эрежелерди жана 2 метрлик аралыкты сактабагандыгын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, бүгүн, 21-майда бир катар тармактар өз ишин жанданткан. Анын ичинде Калкты тейлөө борборлору дагы бар.