• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Камчыбек Ташиев: Кыргыз менен Орхан Инандыны салыштырбагыла

8 Теке 2021 16:34 Бишкек Govori.TV


Орхан Инанды башка өлкөдө жасаган кылмышы үчүн жооп берип жатат. Бул тууралуу деп УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-июлда Бишкекте уюштурулган маалымат жыйында билдирди.

«Урматтуу журналисттер, Орхан Инандыны кыргыз менен, кыргыздын жараны менен салыштырбагыла. Орхан Инанды башка мамлекетте, башка элде жасаган клымыштары үчүн жооп берип жатат. Кыргызстанда жасаган кылмыш үчүн жооп берген жок, азыркы күндө. кинчиден, ал Кыргызстандын жарандыгын алганы боюнча кылмыш иши ачылган. Ошол иштин негизинде тергелип жатат. Эгерде ал Кыргызстандын жараны болсо, анда Түркиянын жарандыгын тапшырышы керек эле да. Бул Түркиянын жарандыгын тапшырбастан, Кайра Түркиянын паспортун колдонуп, ошону менен жашап жүргөн. Сыртынан жылтырак, ичинен калтырак деп коёт кыргызда. Сыртынан ал кыргыздын гражданинимин деп жүрөт. Ичинен Түркияда абал өзгөрүп кетсе, кайра ошол жакка кетип калам деген ой менен жүргөн», — деди Камчыбек Ташиев.

Количество просмотров: 261