Бишкек. 20.03.2019. Govori.TV
Бүгүн, 20- мартта Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маселе каралып жаткан учурда, депутат Камчыбек Жолдошбаев сүйлөй бергенде сөз көп экенин айтып, тиешелүү токтомду кабыл алып берүү менен бирге Өкмөттүн маалыматын угуп, чек ара чырынын артында кимдер турарын аныктоону УКМКга сунуштады. Антпесе журналисттер жакадан алып жатат дейт:
“Силердин маалыматыңарды укпасак азыр толтура журналисттер турат. Чыга калып эле жакадан алат, сенин ким экеңиңди да сурабайт. Оозго микрофонду такап эле: “Момундай кылгыла, эмне кыласыңар?” — дегенден баштайт”,-деди Камчыбеков.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу Өкмөттүн маалыматын укту. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков башында турган өкмөт мүчөлөрү катышты. Бирок, эл өкүлдөрүнүн көбү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү келип маалымат берсин деген талапты коюшкан.
Абылгазиев 20-21-мартта, жумуш сапарынын алкагында Ош облусунда жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен тааныша турганын Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Премьер-министр мындан тышкары 2019-жылы «Ош шаары түрк дүйнөсүнүн борбору» деп жарыяланышынын алкагында иш-чараларга даярдыктардын жүрүшү менен таанышат, ошондой эле «Ноорузду» белгилөөгө арналган майрамдык иш-чараларга катышмакчы.