• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Каныбек Осмоналиев: Президенттин мындан ары абалды оңдоп кетүүсүнө мүмкүнчүлүгү деле калбай калган

15 Тогуздун айы 2020 17:46 Бишкек Govori.TV

Президенттин мындан ары абалды оңдоп кетүүсүнө мүмкүнчүлүгү деле калбай калган. Бул тууралуу Govori.TVга мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт элдин мүдөөсүн аткара алган жок.

«Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков 3 жылдан кийин өз ыктыяры менен отставкага кетти. Анын кызматын тапшыруусунун негизги себеби Кыргызстанда орун алган саясий-экономикалык кризис. 30 жылдан бери кыргыз эли адилеттүүлүккө суусап, зар болгон экен. Тилекке каршы акыркы Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт элдин мүдөөсүн аткара алган жок. Мамлекет башчынын арыз жазып кетүүсүн туура түшүнүү менен кабыл алдым. Мындан ары өлкө башчынын абалды оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүгү деле калбай калган. Эми мыйзам жолуна түшүү менен жашообузду улантышыбыз керек»,-деди Осмоналиев.

Количество просмотров: 209