• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кара-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталды

19 Баш оона 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарынын аймагында эки унаа кагышып, эки киши жабыркады.

Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 18-август күнү саат  болжол менен 11:00дөр чамасында болгон.

«Бишкек-Ош багытында бара жаткан Honda Odyssey жамгыр катуу жаап жаткандыктан тайгаланып, айдоочу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Унаа ошол учурда каршы тилкеде келе жаткан Honda CRV унаасын сүзгөндө ал аласалып кеткен. Анын ичинде Базар-Коргон районунун төрт жашоочусу бара жаткан. Экөө жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча тиешелүү  тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 3350