• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кашкар Жунушалиев ИИМдеги жетекчилерге эмнеге нааразы болду?

29 Тогуздун айы 2019 10:47 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2019-жылдын 9 айынын ичиндеги ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү. Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ИИМдеги жетекчилерди сынга алды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, К.Жунушалиев ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Ички аскерлердин, маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, Бишкек шаардык, Чүй жана Жалал-Абад облустук башкы башкармалыктарынын, кылмыштуулук менен күрөшүү багытындагы иштери толук эмес аткарылып жатканын билдирди. Ошондой эле ички иштер органдарынын ички кызматтык тартиби тууралуу айтты.

2019-жылдын 9 айында республиканын аймактарында жол кырсыгы 4 миң 179 учурдан 4 миң 694 учурга көп катталып, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга жогорулап, анын кесепетинен каза болгондордун саны 9,2 пайызга (484төн 529га), жаракат алгандардын саны 14,3 пайызга (6353төн 7265ке) өскөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, автоунаа паркы 2010-жылдан тартып өлкөдө 3 эсеге көбөйүп, бүгүнкү күнү 1 миллион 348 миң бирдик автоунаа каражатын түзгөн. Бишкектин көчө-жол тармагы 40 миң автоунаага эсептелген. Бүгүнкү күндө 420 000 бирдик автоунаа бар.

Бишкек—Торугарт менен Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолдору 7000 автоунаа каражаттарына туура келсе, жай мезгилинде 40 000 автотранспорт каражаттары бир күн ичинде өтөт. Ушуга байланыштуу жол-транспорттук кырсыктардын саны өскөнү байкалат.

Жыл сайын республикада 65-70 миң жаран унаа каражаттарын башкаруу үчүн күбөлүк алат.

Коллегиянын жыйынтыгы менен бир катар жетекчилерге эскертүүлөр берилди.

«Коллегиянын чечими менен өз алдынча кызматтардын жана бөлүктөрдүн жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бардык кабыл алынган чечимдер жана сунуштарды ишке ашырабыз. Кеткен кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн», — деди К.Жунушалиев.

Количество просмотров: 185