Катар гуманитардык жардам түрүндө 420 кычкылтек концентраторун берүү чечими кабыл алды. Алар жакын арада Бишкекке жеткирилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катардын элчиси Абдулла бин Ахмед Ас-Сулаити менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.
ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына каршы биргелешкен аракеттер талкууланган.
Өз кезегинде Нуран Ниязалиев Катар өлкөсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-катар мамилелерин чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеген.