• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Казакстан ИИМи: журналисттерге чабуул уюштурган жаран кармалды

28 Бирдин айы 2023 15:29 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Улуттук коопсуздук комитетинин мекеме аралык ыкчам тергөө тобу журналисттерге чабуул жасаган шектүү топту аныктап, анын координаторун кармады. Бул тууралуу Polisia.kz кабарлады.

Маалыматка караганда, алар «Коркутуу», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу», «Журналисттик ишмедүүлүккө тоскоолдук жаратуу», «Бөтөн мүлктү атайлап бүлдүрүү же жок кылуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча шектелүүдө.

«Алматыда чагымчыл чабуулдардын координатору – чет элдик жаран, адискөй хакер О. Токарев кармалды. Анын убактылуу жашаган жеринен чабуулдарды башкарган, анонимдүү Телеграм-акаунттарда тапшырма берген, аткаруучуларды тапкан жана алардын акысын төлөгөн техника табылды», — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

Соңку жарым жылда Казакстанда журналисттерге чабуул жасалган учурдар көбөйгөн.

Өткөн аптада Казакстан ИИМи журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди жасоо шеги менен 18 киши кармалганын кабарлаган.

Количество просмотров: 78