• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстанда президенттик шайлоо үчүн 9 талапкер каттоодон өттү

29 Чын куран 2019 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Жекшемби, 28-апрелде Казакстанда саясий партиялар менен коомдук уюмдар атынан президенттик шайлоого талапкерлерди сунуштоо жараяны аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына тогуз талапкер документ тапшырды.

Талапкерлердин арасында «Улуу дала Кыраандары» кыймылынан журналист Садыбек Тугел, «Нур Отан» партиясынан азыркы президент Касым-Жомарт Токаев, Казакстан кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлү Амангелди Таспихов, «Ак жол» партиясынан мажлис депутаты Дания Еспаева, «Ауыл» партиясынан айыл чарба министринин мурдагы орун басары Толеутай Рахимбеков, Казакстан Коммунисттик партиясынан мажлис депутаты Жамбыл Ахметбеков, «Улут тагдыры» кыймылынан саясатчы Амиржан Косанов, Казакстан курулушчулар бирикемесинен Талгат Ергалиев, «Калк демографиясы» коомдук бирикемесинен Жуматай Алиев бар.

Өзүн оппозициячыл деп сыпаттап жүргөн «Жалпы улуттук социал-демократтар партиясы» 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. Партия съезд өткөргөнгө чейин журналист Ермурат Бапини талапкер катар сүрөй турганын жарыялаган болчу

Учурда талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырышты. Алтоо мамлекеттик тил сынагына катышып бүттү. Президенттик кампаниянын кийинки айлампасы – шайлоочулардын колун топтоо.

​Казакстанда 1991, 1999, 2005, 2011 жана 2015-жылы президенттик шайлоо өткөн. Баарында тең Нурсултан Назарбаев жеңүүчү катары жарыяланган.


Количество просмотров: 27