• Жекшемби 3 Куран 2022
  • Воскресенье 3 Июль 2022

Казакстанда жөлөк пул алуу үчүн кезекте турган адамдарды түз эфирде көрсөткөн активист камакка алынды

8 апреля 2020 в 19:19 Бишкек Govori.TV

Жамбыл облусунун Толе-би айылындагы жарандык активист Багдат Бактыбаев 95 долларлык жөлөк пул алууну каалаган жарандардын кезегин «Фейсбук» социалдык түйүнү аркылуу түз эфирде көрсөткөндүгү үчүн 10 суткага камакка алында. Бул тууралуу анын жубайы Диана Бактыбаева билдирди.

Анын айтымында, 6-апрелде күйөөсү айылдагы почта бөлүмүнүн алдында кезек күткөн адамдар топтолуп турганын социалдык түйүндөгү баракчасында түз эфирде көрсөткөн. Андан соң ал район акимчилигине барганда аны кармап, полиция бөлүмүнө жеткиришкен. Сот ошол эле күнү кечинде видеобайланыш аркылуу өтүп, аны 10 суткага камакка алуу өкүмү чыккан. Ал «Өзгөчө абал учурунда коомдук тартипти бузууга түрткөн аракетке баруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүмгө ылайык, анын камактагы мөөнөтү 6-апрелден баштап эсептелет.

46 жаштагы Бактыбаев активдүү жарандык ишмердүүлүгү менен белгилүү. Февралдын аягында ал Алматыда саясий туткундарды бошотуу талабы менен жалгыз митингге чыккан. Ага чейин Шу шаарында аны айып пул төлөөгө милдеттедирген сот чечимине нааразылык билдирип, «Казакстанда мыйзам жок» деген плакат көтөрүп пикет өткөргөн. Бул акциялардан кийин ал «Тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу» беренеси боюнча айыпталып, 15 суткага камакка алынган. Сотто ал бул айыптарды четке каккан.

Количество просмотров: 162