• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: «Наркоман», «экстремист», «чагымчыл». Журналисттерден күчүн чыгарган бийлик…

18 Бирдин айы 2022 17:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-февралда журналист Семетей Талас уулун күч кызматкерлери үйүн тинтип, өзүн кармап кетишкен.
УКМКнын маалыматы боюнча журналист «Экстремисттик материалдарды жайылтуу» беренеси менен козголгон иште күбө катары суралган.
Талас уулу кайсы иш боюнча чакырылганын азырынча так айта албайт.
Ал эми айрымдар журналисттин үйүн тинтип, эч кандай түшүндүрүүсүз кармап кеткени туура эмес дешүүдө.
Журналисттерге болгон мамиле акыркы учурларда бир топ эле сындарды жаратууда.
Буга чейин журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров баңгизатын таратууга, сактоого жана мажбурлоого айыпталып кармалганы коомду дүрбөлөңгө салган.
Коомчулуктун нааразычылыгынан улам экөө тең кое берилген.
Көп өтпөй “Кактус Медиада” жарыяланган макала боюнча “Согушту пропагандалоо” беренеси менен иш козголуп, кызматкерлери суракка алынды.
Ал арада айрым маалымат каражаттарын жабуу сунушу айтылып, а түгүл митингдер да өттү.
Митингде кээ бир ЖМК менен журналисттерге “чет элдик агент” макамын берүү сунушталды.
Мындай жагдайлар өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократияга терс таасирин тийгизип жаткандай.

Количество просмотров: 1158